Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-августта Ош шаарындагы "Эмаком" компаниясы тарабынан курулган турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Маалыматка ылайык, 12 кабаттуу турак жайдын курулушу аяктаганына карабастан, объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча шайкештик актысы алынбай келген. Мындан улам жашоочулар бир катар көйгөйлөргө туш болушкан.
Тактап айтканда, тиешелүү документтер толук чечилбегендиктен, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр коммерциялык тариф боюнча жүргүзүлүп, газ менен камсыздоодо да кыйынчылыктар жаралган.
Министр Нурдан Орунтаев маселени жеринде угуп, тиешелүү башкармалыктарга көйгөйдү мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырма берген.
Министрдин тапшырмасынын негизинде 19-августта Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан аталган объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы берилди.
Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев министрликти жетектеп келген учурда мыйзамсыз курулган көп кабаттуу объектилердин саны 200гө жакын болгонун, бүгүнкү күндө алардын саны 10го жакын калганын белгиледи.




