"Түндүк" тиркемесинде эмдөө тууралуу сертификат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилди
Новость

"Түндүк" мобилдик тиркемесиндеги "Эмдөө тууралуу сертификат" кызматы кеңейтилди. Эми жарандар COVID-19га каршы эмдөө тууралуу гана эмес, маалыматтык системада катталган бардык профилактикалык жана башка эмдөөлөрү боюнча маалыматтарды электрондук түрдө ала алышат.

Сертификат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт. Документте вакцинанын аталышы, дозасы, эмдөө жүргүзүлгөн күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү, ошондой эле сертификат ээсинин жеке маалыматтары жана сүрөтү көрсөтүлөт.

Сертификат кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Документтин аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот.

18 жашка чейинки балдардын эмдөө тууралуу сертификаты алардын ата-энелерине түздөн-түз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болот.

Жаңы кызмат эмдөө статусун медициналык мекемеге барып, кагаз түрүндөгү маалымкат албастан ырастоого мүмкүндүк берет. Сертификатты телефонго сактап, электрондук түрдө жөнөтүүгө же зарыл учурда басып чыгарууга болот.

Мындан тышкары, сертификат менен бирге Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн календары да жеткиликтүү. Ал жарандарга алган эмдөөлөрүн жаш курагына жараша каралган эмдөөлөр менен салыштырып көрүүгө шарт түзөт.

Эгер сертификатта мурда алынган эмдөө тууралуу маалымат көрсөтүлбөсө, аны маалыматтык системага киргизүү үчүн эмдөө жүргүзүлгөн Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуу зарыл.

Кызматтын кеңейтилүүсү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды. Максаты - медициналык документтерди жана тиешелүү маалыматтарды жарандар үчүн тез, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу.

"Эмдөө тууралуу сертификат" кызматын кеңейтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан "Түндүк" ААК менен биргеликте, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылды.