Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда эксперттик баалоо, медициналык реабилитация жана андан кийинки социалдык колдоо чараларынын ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылуу маселеси талкууланды. Ошондой эле реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программаларын (РАЖП) ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптардын пикиринде, майыптык белгиленгенден кийин иштелип чыгуучу РАЖП формалдуу документ болбостон, медициналык уюмдар тарабынан иш жүзүндө колдонулуп, адамдын жеке муктаждыктарына жараша анын кийинки реабилитациялык багытын аныктоого шарт түзүшү керек.
Мындан тышкары, медициналык реабилитация калыбына келтирүүчү дарылоо менен гана чектелбестен, ар кандай оорулары бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү, ошондой эле майыптыктын келип чыгуу тобокелдигин алдын алуу жана азайтуу боюнча чараларды камтууга тийиш.
"Биздин милдет - жоопкерчилик чөйрөлөрүн бөлүп-жаруу эмес, майыптык белгиленгенден кийин адам медициналык, реабилитациялык жана социалдык жардамдын ортосунда ажырымга туш болбой турган бирдиктүү системаны түзүү", - деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки ведомствонун адистеринин биргелешкен ишин баштоо боюнча макулдашуу жетишилди. Анын алкагында учурдагы механизмдерге баа берүү, алардын артыкчылыктарын жана көйгөйлүү жактарын аныктоо, ошондой эле системаны өркүндөтүү боюнча бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгуу пландалууда.
Ошондой эле медициналык реабилитация боюнча ченемдик-укуктук жана методикалык базаны жакшыртуу каралууда. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү адистери реабилитациялык жардам көрсөтүүнүн илимий негизделген стандарттарын иштеп жатышат.
Биргелешкен иш майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, медициналык жана социалдык кызматтардын ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылууга, ошондой эле майыптыктын өсүшүн алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды күчөтүүгө багытталат.




