Жалал-Абад облусундагы "Кең-Сай" фитосанитардык контролдук постунда Иран Ислам Республикасынан Кыргызстанга импорттолгон 22 тонна нектаринге фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык милдеттүү маркировкасы жок экени аныкталды.
Тиешелүү талаптарга ылайык, карантинге алынуучу продукцияны милдеттүү маркировкасыз Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө жол берилбейт. Бул ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу 22 тонна нектарин Кыргызстанга киргизилбей, жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.