Кыргызстандын жарандары 20-августтан тартып Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик миграция башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.
Анын айтымында, визасыз кирүүнүн негизги шарты — 10 күндөн кийин Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кайтып келүүнү тастыктаган авиабилеттин болушу.
Мисалы, кыргызстандык жаран Кытайдын Пекин, Шанхай же башка шаарларына түз учуп барып, кайтуу үчүн Шанхай – Алматы – Бишкек же Пекин – Ташкент – Ош сыяктуу каттамдарга билет ала алат.
Кытайга кирүүдө жарандар тизмеде көрсөтүлгөн 65 пункттун бирине түз уча алышат.
Мындан тышкары, Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди.
Жаңы тартип кыргызстандыктарга визалык төлөмдөрдөн, виза алуу үчүн документтерди чогултуудан жана консулдук кызматтарга кайрылууга кеткен убакыттан үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди бир тараптуу киргизүүдө. Ал эми Кытай жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө мурдагыдай эле виза талап кылынат.
Сагынбек Абдумуталиптин белгилешинче, Кытай тарап мындай чечимди кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин, Кыргызстандагы реформалардын жыйынтыктарын, коопсуздукту жана коомдук-саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо процессине көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн эске алган.
"Бул чара соода жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт деп ишенем", — деди ал.