Кыргызстанда түн ичинде жер титирөө катталды
Новость

20-августка караган түнү Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Сейсмостанциялардын маалыматына караганда, жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:08де катталган. Жер титирөөнүн очогундагы силкинүүнүн күчү MSK-64 12 баллдык шкала боюнча болжол менен 4 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Көк-Жар айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Кара-Кече айылынан 19 чакырым түштүк-батышта жана Миң-Куш айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер силкинүүнүн күчү калктуу конуштарда төмөнкүдөй болгон:

  • Көк-Жар жана Ак-Кыя айылдарында — болжол менен 3,5 балл;
  • Ак-Булак, Кара-Кече, Миң-Куш, Жаңы-Талап, Үгүт жана Кош-Булак айылдарында — 3 балл.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн улам кыйроолор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.