Кытай кыргыз жарандары үчүн виза эрежелерин жөнөкөйлөштүрдү
Новость

Кытайдын Улуттук иммиграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жөнөкөй паспорту бар жарандары Хайнань провинциясына визасыз кирип, ал жакта 30 күнгө чейин жүрө алышат.

Мындан тышкары, үчүнчү өлкөгө же аймакка транзит менен бара жаткан кыргыз жарандары Кытайдын 65 өткөрмө пунктунун каалаган бири аркылуу, анын ичинде Пекин жана Шанхай аркылуу, визасыз кирип, өлкөдө 240 саатка, башкача айтканда 10 күнгө чейин боло алышат. Бул үчүн үчүнчү өлкөгө бара турганы тастыкталган билет талап кылынат. 

Визасыз режимдин алкагында туризм, ишкердик, иш сапарлары, алмашуу жана туугандарга баруу сыяктуу максаттарга уруксат берилет.

Ал эми Кытайда иштөө, билим алуу же журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн тиешелүү виза алуу талап кылынат.