Кыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Новость

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө адистешкен USHAŞ уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Анын ичинде дары-дармек менен камсыз кылуу, фармацевтика тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, биргелешкен долбоорлорду даярдоо жана медициналык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды.

USHAŞ Директорлор кеңешинин мүчөсү доктор Хасан Чагыл Түркия Кыргызстан менен топтолгон тажрыйбасын бөлүшүүгө жана эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Айрыкча дары-дармек менен камсыз кылуу, медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу, маалыматтык технологиялар жана саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү багыттарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууда дары-дармек менен камсыз кылуу жана фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Түркия тарап тармакты реформалоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын ичинде генерикалык дары-дармектерди өндүрүүнү өнүктүрүү, сатып алуу системасын жакшыртуу жана ички рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарын тааныштырды.

Ошондой эле Кыргызстанда айрым дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү локалдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралды. Мындай чечимдер өлкөнүн ички рыногундагы реалдуу муктаждыктарга жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугуна негизделиши керектиги белгиленди. Потенциалдуу багыттар катары суроо-талап жогору болгон жана импорттолушу олуттуу логистикалык чыгымдарды талап кылган дары-дармектерди жергиликтүү өндүрүү мүмкүнчүлүгү айтылды.

Министр Дамир Осмонов дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүү жана алардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

"Биз үчүн Түркиянын практикалык тажрыйбасын изилдөө жана Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарына ылайыкташтырылышы мүмкүн болгон чечимдерди кароо маанилүү. Дары-дармек менен камсыз кылуу, фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелери өзгөчө мааниге ээ", — деди Дамир Осмонов.

Жолугушуунун жыйынтыгында түрк тарап эксперттик диалогду улантууга жана Кыргызстанга Түркияда саламаттык сактоо тармагында колдонулуп жаткан практикалык ыкмаларды изилдөөдө консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.