Чүйдө айнек продукциясын өндүрүүчү жаңы ишкана ишке кирет
Новость

Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "ГЛАСС ЦЕНТР" ишканасын август айынын аягында ишке киргизүү пландалууда. Ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Өндүрүштүк кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метр, ал эми жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукция өндүрүүгө жетет деп күтүлүүдө.

Ишканада айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер чыгарылат.

Долбоордун негизги максаты — ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылуу, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтуу жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү.

Жаңы ишкананын ишке кириши менен 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө жана Чүй облусунда өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт.