Оштогу эски базардын ордуна жаңы маданий жана туристтик комплекс курулат
Новость

Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик жана эс алуу комплекси курулат. 20-августта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен аталган жайдын менчик ээлеринин ортосунда долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

Долбоордун алкагында байыркы Ош шаарынын тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрүн куруу каралган.

Жаңы комплекс менчик ээлеринин ири көлөмдөгү инвестициясынын эсебинен курулат. Ошондой эле жер ээлерине компенсация төлөө маселеси долбоордун алкагында каралат.

Курулуш иштерин 1-сентябрдан тарта баштоо пландалууда.

779001422_1403393565312870_7829498159050124025_n.jpg 150.79 KB