ӨКМ Чүй жана Ысык-Көлдөгү кооптуу 16 көлдү тик учак менен текшерди
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы тоо башында жайгашкан жырылып кетүү коркунучу бар 16 көлдү тик учак менен текшерүүдөн өткөрүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдөрдүн жана алардан суу агып чыгуучу каналдардын абалы каралды. Анын жыйынтыгында Чок-Тал-1, Кашка-Суу, Чок-Тал-2 жана Бозтери көлдөрү кооптуу деп табылган.

Текшерүүнүн жыйынтыктары тиешелүү чараларды көрүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлөт.