VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык илимий жыйнак жарык көрүүгө даярдалууда
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө өтө турган "Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдарынын негизинде эл аралык илимий жыйнак жарык көрүүгө даярдалууда.

Жыйнакка көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын жана мурасын изилдөөгө, ошондой эле номадизмди дисциплиналар аралык багыт катары түшүнүүдө жана изилдөөдө заманбап илимий ыкмаларды, маалыматтык технологияларды колдонууга арналган илимий макалалар киргизилет.

Басылмага 28 өлкөдөн келген окумуштуулардын жана адистердин Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы көчмөн цивилизацияларга байланыштуу кеңири темаларды камтыган изилдөөлөрү кирет.

Жыйнакта салттуу билимдерди жана тажрыйбаларды сактоо жана өнүктүрүү, көчмөн салттардын улануучулугу, элдер менен маданияттардын өз ара байланышы, ошондой эле санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан заманбап чакырыктарга өзгөчө көңүл бурулат.

Илимий изилдөөлөрдүн өзүнчө бөлүгү 2014-жылдан бери эл аралык спорттук-маданий долбоорго жана Кыргызстандын маанилүү бренддеринин бирине айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын феноменине арналат.

Жыйнактын материалдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салттуу спорт түрлөрүн жана маданий мурастарды сактоодогу жана жайылтуудагы ролун, ошондой эле эл аралык илимий жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын кароого мүмкүндүк берет.

Катышуучулардын макалалары авторлор тарабынан сунушталган тилдерде жарыяланат. Жыйнактын басма нускасы конференциянын катышуучуларына берилет.

Илимий жыйнактын жарык көрүшү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Илимий программасынын маанилүү жыйынтыктарынын бири болот. Басылма заманбап изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштоо менен гана чектелбестен, ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын ортосунда мындан аркы илимий алмашууга жана кызматташууга негиз түзүүгө багытталган.

Узак мөөнөттүү келечекте жыйнак номадологияны жана ага байланыштуу илимий багыттарды өнүктүрүүгө, ошондой эле көчмөн цивилизациялардын мурасы тууралуу билимдерди азыркы жана келечек муундар үчүн сактоого, системалаштырууга жана жайылтууга өбөлгө түзөт.