Айыл чарба министрлигинин коллегиялык жыйынында жарым жылдык иштин жыйынтыктары каралды
Новость

 20-августта, МинКаб төрагасынын орун басары  Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Айыл чарба министрлигинин коллегиялык жыйыны өттү. Жыйында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды.

Министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баяндама жасап, аткарылган иштердин жыйынтыктары жана алдыдагы сезондук айыл чарба жумуштары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле дыйкан-фермерлерди үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана башка зарыл ресурстар менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларынын даярдыгы талкууланды.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, агроөнөр жай комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын негизги багыттары, ошондой эле "Агросмарт" мамлекеттик ишканасынын ишинин жыйынтыктары жана алдыдагы пландары каралды.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү, дыйкан-фермерлерди зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылууну жана белгиленген милдеттердин сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.

Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, министрликтин алдыдагы мезгилдеги негизги милдеттери белгиленди.