20-август - МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө мектептердин жана бала бакчалардын даярдыгы, педагогикалык кадрлар, окуу китептери жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо маселелери талкууланды. Билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшүнө, аларды пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнө, ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда капиталдык оңдоо жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Улан Маматканов жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде 1 млн 586 миңден ашык бала билим алаарын белгиледи. Анын айтымында, жаңы окуу жылынын негизги өзгөрүүлөрүнүн бири 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу болот. Быйыл 3-класстын жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча окууну башташат.
Улан Маматканов окуу жайларынын жаңы окуу жылына толук даярдыгын камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мектептердин жана бала бакчалардын тиешелүү даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

