Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бажы тармагындагы көрсөткүчтөргө байланыштуу билдирүү жарыялады.
Билдирүүнүн тексти:
"Бажы кызматындагы кызыктуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Тармактан, 1991-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке жалпы 452,7 миллиард сом бажы төлөмдөрү түшкөн.
Ал эми 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейинки аралыкта бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 миллиард сом түштү.
Башкача айтканда, акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү ага чейинки 30 жылдагы жалпы көрсөткүчтөн ашты.
Кыргыз Республикасы 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 миллиард сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Россия, Казакстан, Армения жана Беларусиядан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө", - деп жазды Дайырбек Орунбеков.
