20-августта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.
Жыйында Борбор Азиядагы жана өлкө ичиндеги мунай рыногундагы учурдагы кырдаал, ошондой эле бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулду. Тиешелүү маалыматтарды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери беришти.
Отурумда ички рынокту мунай заттары менен жетиштүү деңгээлде камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон корлорду түзүү жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен иштеген компанияларга мамлекеттик субсидия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Атап айтканда, мунай рыногундагы абалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү, өлкөдө мунай продуктулары менен иш алып барган компаниялар менен тыгыз иштөө, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү жана мамлекеттик чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү тапшырылды.
Ошондой эле зарыл болгон чараларды өз убагында көрүп, ички рынокто күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү көлөмүн камсыздоо милдети коюлду.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун камсыздоо багытында Россия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып келет.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мунай заттарына болгон жылдык керектөөсү орточо эсеп менен 1,5 миллион тоннадан ашат.






