VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1–6-сентябрда өтө турган билет талап кылынган иш-чараларына билеттерди онлайн жана офлайн түрдө сатып алууга болот.

Онлайн билет алуу үчүн Улуттук электрондук билет системасынын расмий nebs.gov.kg сайтына кирип, каттоодон өтүү керек. Андан соң керектүү иш-чара жана орун тандалып, төлөм жүргүзүлөт.

Төлөмдү Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ банк карталары жана ELQR QR-коду аркылуу жүргүзүүгө болот.

Билеттерди офлайн сатып алуу

27-августтан тартып билеттер төмөнкү жерлерде сатылат:

  • Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинин кассасында;
  • Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жайгашкан эки расмий билет сатуу түйүнүндө;
  • Бостери айылындагы "Дордой Номад" амфитеатрынын билет сатуу түйүнүндө.

Ошондой эле Кырчын капчыгайында өтө турган иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз.

Электрондук билет сатып алган көрүүчүлөргө билеттин QR-кодун башка адамдарга бербөө жана аны социалдык тармактарда жарыялабоо сунушталат.