Баткен районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Новость

Баткен районунун аймагында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө район тургундарына кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш уюштурулуп, анын катышуучуларына үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, зомбулукка жол бербөө жана жарандардын укуктарын урматтоо боюнча айтылды.

Милиция кызматкерлери жарандарды ар кандай укук бузууларга жол бербөөгө, үй-бүлөдө ынтымакты сактоого жана зордук-зомбулукка күбө болгон учурда тиешелүү органдарга өз убагында кайрылууга чакырышты.

Аталган иш-чаралар Баткен районунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында жүргүзүлүүдө.