Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу күчөйт
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22–25-август күндөрү Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканын билдирди.

Синоптикалык маалыматтарга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жаралып, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу аймактарда жүрүүдө этият болууга чакырат.