2026-жылдын 1-июлуна карата өлкөнүн иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов билдирди.
Анын айтымында, расмий жумушсуз статусуна 37,8 миң адам ээ болгон. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га төмөн.
Салыштыруу үчүн, өткөн жылдын ушул мезгилинде иш менен камсыз кылуу кызматтарында 65,4 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Алардын 45,5 миңи расмий жумушсуз макамына ээ болгон.
Учурда өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3%ын түзөт.
Ошондой эле 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон. Дагы 13,1 миң жаран иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары менен камтылган.