Бийик тоолуу аймактардагы 29,6 миң бала 3 миң сомдон жөлөкпул алууда
Новость

Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган 29,6 миң бала ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында маалымдалды.

Аталган жаңы жөлөкпул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Ал бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, ошондой эле өзгөчө статуска ээ айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейин дайындалат.

Маанилүүсү — жөлөкпулду дайындоодо үй-бүлөнүн материалдык абалы эске алынбайт.

2026-жылдын 1-июлуна карата бул жардамды 29,6 миң бала алып жаткан.

Жалпысынан Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарынын тизмесине 430 айыл жана башка калктуу конуш киргизилген.