Сокулук айыл өкмөтүндө 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашты. Айыл өкмөт башчысы Рустам Иштыбаевдин берген маалыматы боюнча жарым жылдыкта жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 140,9%га аткарылып, 86 145,4 миң сом сарпталган (бекитилгени — 62 092,3 миң сом).
Кирешелер планы 146,7%га аткарылып, бюджетке 91,1 млн сом түштү:
- Салыктык кирешелер: 90 214,0 миң сом (127,6%). Негизги түшүүлөр: киреше салыгы — 71 132,0 миң сом, патент — 5 072,0 миң сом, жер салыгы — 4 826,9 миң сом, мүлк салыгы — 3 207,2 миң сом, роялти — 2 457,8 миң сом.
- Салыктык эмес кирешелер: 2 907,2 миң сом (152,5%). Ижара, жайыт жана жерди пайдалануу төлөмдөрүнөн чогултулган.
Билим берүү мекемелеринин базасын чыңдоо:
№1, №3, №4 «Сокулук Алтын Балалык» жана Кант апа атындагы «Мээрим» бала бакчаларында оңдоп-түзөө, боёо иштери үчүн 505,3 миң сомго боёк материалдары сатып алынса, №1 бала бакчага жергиликтүү бюджеттен (ЖБ) 249,7 миң сомго 2 даана кир жуучу машина жана 1 даана өнөр жайлык электр плитасы берилди. №4 «Сокулук Алтын Балалык» бала бакчасына тамак-аш таратуучу стол жана нан сактоочу шкаф сатып алууга 132,0 миң сомго келишим түзүлдү. «Мээрим» бала бакчасына ЖБ эсебинен 65,85 миң сомго 3 даана телевизор сатылып алынды.
Ал эми мектептер боюнча айтсак, А. Жакшылыков атындагы №1 ЖББМ, М. Жангазиев атындагы №4 ЖББМ жана М. Жаныбаев атындагы ЖББМдин оңдоп-түзөө жана боёо иштерине 539,8 миң сом сарпталды.
2026-жылдын март айында узундугу 2 км жолго оңдоп-түзөө жана шагыл төгүү иштери жүргүзүлүп, ЖБдан 1 929,8 миң сом сарпталды. Жумуштар Киевская, Шопоков, ч/к Московская, 8-Март, Садовая, Мичурина, Школьная жана Кайназарова көчөлөрүндө аткарылды.
Көчөлөргө асфальт төшөө жана тротуар салуу иштерине жалпысынан 51 797,1 миң сом багытталды. Анда, Жаңы Ынтымак конушунун борбордук көчөсү – 240 м; Школьная көчөсү – 575 м; ч/к Школьная – 418 м; Полевая көчөсү – 905 м; Комсомольская көчөсү – 904 м; Победа көчөсү – 1030 м; Речная, Юбилейная, Луговая көчөлөрү, Ленинград көчөсү (өйдө тарабы) – 450 метри жасалды Ошондой эле Ынтымак, Жетиген, Акимбай көчөлөрүн бириктирген борбордук көчөгө жана Школьная көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр жолу салынды. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн ЖБдан 880,4 миң сом бөлүнүп, Ошская, Школьная, Кайназарова, Свердлова, Батаева, Победы, Луговая, Речная, Ленинградская, Садовая жана Кирова көчөлөрүнө жасалма жол тосмолору орнотулду.
Буга улай, аймактагы Конуш айылында чөп чабыкка жана көрүстөнгө баруучу жолдор иретке келтирилип, шагыл төшөлдү. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мечит, дача, эс алуу жайлары жана тоого баруучу негизги жолдун 500 метр аралыгына шагыл төгүлдү. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан Осмонкул Шаршен көчөсүнө 1 млн 26 миң сомго 1 чакырым электр чубалгысы тартылып, 29 даана электр мамычасы орнотулду. Эс алуу жайын көрктөндүрүүгө, тосмолоого, идиш-аяк сатып алууга жана арык казууга ЖБдан 323,2 миң сом сарпталды.
Саз айылындагы жайыттын 6 га аянтына чөп үрөнү себилип, аймагы 350 даана бетон мамыча жана 24 даана тор менен тосулуп, 2 500 метр арык казылды (ЖБ – 204 500 сом). М. Жаныбаев атындагы мектепке 3 таштанды кутусу, 1 флагшток жана 1 суу жылыткыч берилди. Жаңы спорт залдын курулушуна ЖБдан 21 млн 528 миң сом каралып, курулуш жүрүүдө.
Спорт жана балдар аянтчалары:
- Ленин көчөсүнө 3 406,2 миң сомго футбол аянтчасы курулууда. Ал эми 1 564,6 миң сомго 6 балдар аянтчасы орнотулду (Восточная көчөсүнө, Мичурин көчөсүнө жана Фрунзе №102, №104 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына).
«Сокулук» муниципалдык ишканасы тарабынан ЖБдан 524 150 сомго жалпы 1 100 метр суу түтүктөрү алмаштырылды (Мичурина – 152 м, Победа – 200 м, Луговая – 200 м, Комсомол өйдө тарабы – 200 м, Школьная – 250 м). Гагарина көчөсүндө насос жаңыланып, «Южный» суу сактагычы менен Гагарина скважинасында тереңдик насостору орнотулду.
Жылуулук тармагы боюнча «Мичурин» казанканасынын 750 м эски түтүктөрү алмаштырылып, «Мичурин», «Курулуш» жана «Центральный» казанканаларына ЖБдан 1 000,0 миң сомго 4 жаңы от казан орнотулду.
Айыл аймагын жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттен жалпы 1 494 300 сом бөлүнүп, Жеңиш сейил багына жана айыл өкмөттүн аймагына 893 000 сомго 100 даана самшит бонсай, 10 даана «Смарагд» көчөтү, ошондой эле Борбордук жана Жеңиш сейил бактарына 601 300 сомго 8 950 даана гүл отургузулду.
Атайын техникаларды сатып алууга ЖБдан 6 737,6 миң сом сарпталып, фронталдык погрузчик (2 685,0 миң сом) жана 15 тонналык «Шумкар» үлгүсүндөгү самосвал (4 052,6 миң сом) сатылып алынды.
Жер маселелери:
Сокулук айыл өкмөтүнүн карамагында 3446,4 га сугат айдоо, 918,4 га кайрак айдоо, 1 га көп жылдык бак, 10007,8 га жайыт, 668,2 га калктуу конуш, 185 га суу фондусу, 845,14 га башка багыттагы жерлер бар (токой фондусу жок).
2025–2026-жылдын 2-кварталы аралыгында 9,2 га жер калктуу конуштарга, 1,42 га жер өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттарга которулган. Ушул эле аралыкта жарандардан жер маселеси боюнча 375 арыз келип түшүп, толугу менен каралган:
* Жер тилкеси боюнча – 31;
* Дача маселеси боюнча – 15;
* Үлүш жер боюнча – 13;
* КР Жер кодексинин 8-беренеси боюнча – 66;
* Башка маселелер боюнча – 250.
Жыйынтыгында 330 арыз канааттандырылып, 7 арыз тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөн, ал эми 96 арыз комиссиянын кароосунда турат.


