Жалал-Абад облусунда 113 социалдык объектте курулуш жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунда быйыл жалпы 113 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын катарында Манас шаарындагы ири долбоорлордун бири болгон «Акылман» Президенттик мектеп-лицейи, 5200 орундуу спорт сарайы жана 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукана бар.

Облустун аймагында министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда 27 социалдык объект бүткөрүлдү. Учурда калган объекттерде да курулуш иштери кызуу уланууда.