2026-жылдын 21-августунда Бишкек шаарындагы “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” аттуу Улуттук педагогикалык форум өз ишин баштады.
Билим берүү тармагындагы жылдын башкы иш-чарасына 400дөн ашуун мугалим, мектеп директору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана башка өкүлдөр катышты.
Форумдун негизги максаты — мектептик билим берүү системасын жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында жетишилген жыйынтыктарды жана алдыдагы пландарды талкуулоо.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө жаңы доордо билим берүү системасы сапаттык жактан өзгөрүшү керектигин белгиледи.
“Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы”, — деди МинКаб төрагасы.
Ал жасалма интеллектти окутууга киргизүү, жекелештирилген билим берүү жана 12 жылдык билим берүү системасынын экинчи этабына өтүү бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарынын бири экенин айтты.
Ошондой эле мамлекет тарабынан билим берүү тармагын каржылоо олуттуу жогорулаганы белгиленди. Алсак, 2021-жылы билим берүүгө 40 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 75 млрд сомго чейин өскөн.
Форумдун алкагында “Жаңы окуу жылына карата чечимдер” темасында панелдик талкуу уюштурулуп, “Министрлик жооп берет” аттуу ачык диалог өтөт. Анда катышуучулар агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага жана министрликтин өкүлдөрүнө актуалдуу суроолорун берип, билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашат.
Эки күнгө созулган Улуттук педагогикалык форумдун программасында билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган панелдик жана секциялык жыйындар каралган. Ошондой эле катышуучулардын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барышы пландалууда.

