Салык кызматы: Беш жарым жылдын ичинде мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык төлөмдөрдүн жалпы суммасы буга чейинки 30 жыл ичинде түшкөн салыктардын көлөмүнөн ашты
Новость

Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдардагы салыктык төлөмдөрдүн көрсөткүчү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, беш жарым жылдын ичинде мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык төлөмдөрдүн жалпы суммасы буга чейинки 30 жыл ичинде түшкөн салыктардын көлөмүнөн ашты.

Тактап айтканда, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салык түшкөн.

Салыштырсак, 1991-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине түшкөн салыктык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 724 млрд сомду түзгөн.

Мындай көрсөткүчтөр бюджетке салыктык түшүүлөрдүн оң динамикасын, ошондой эле салыктык башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун көрсөтөт.

Салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү, анын ичинде салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана буга чейин экономиканын көмүскө секторунда иш алып барган субъекттердин ишмердигин мыйзамдаштырууга багытталган салыктык реформалардын ишке ашырылышы менен байланыштуу.