Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Казакстан Республикасынын Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.
“Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем.
Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын канааттануу менен белгилейм.
Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип,