Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Кегети капчыгайында жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун камсыз кылуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирген факты боюнча жеринде административдик протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, жайыт аймагында 4 квадроцикл, автоунаа менен жүргөн жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр берилди.
Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы №330 токтомунун талаптарын аткарууну камсыз кылуу жана жайыттарды авто мото транспорттун терс таасиринен коргоо максатында жүргүзүлүүдө. Рейддик иш-чара Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелекте өткөрүлгөн.