Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, жаңыланган "Ак-Кеме" мейманканасынын ачылыш салтанатына катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Ордо калаанын ардактуу тургундары!
Кадырлуу меймандар!
Эгемендикке ээ болгон 35 жылдын аралыгында борбор калаабызда архитектуралык келбети менен айырмаланган, кезинде тарыхый милдет аткарган, шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон бир катар маанилүү объектилер курулган.
Алардын бири – “Ак-Кеме” мейманканасы. Ала-Арча капчыгайынан соккон сыдырым жел аралап өткөн бул имаратта чет өлкөлөрдөн келген коноктор тосулуп, эл аралык жолугушуулар, иш-чаралар өткөрүлүп, өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында көптөгөн окуялар жүз берген.
Тилекке каршы, илгери үмүт менен “Ак-Кеме” деп аталган бул мейманкана мезгилдин өтүшү менен каралбай, дээрлик иштебей турган абалга келген.
Мындай шартта биздин алдыбызда эки жол турган эле: биринчиси, ушул сындуу объектилердин акырындык менен жараксыз абалга келишине көз жуумп коюу, ал эми экинчиси, аларды натыйжалуу башкаруунун жолун таап, инвестиция тартып, кайрадан элге жана мамлекетке кызмат кылган заманбап объектиге айландыруу.
Биз, албетте, экинчи жолду тандадык.
2023-жылы “Ак-Кеме” мейманканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп бердик. Андан кийин инвестициялык механизмдерди колдонуп, объектини толугу менен жаңылоо боюнча иштер башталды.
Олуттуу инвестиция тартылып, имараттын инженердик системалары, техникалык жабдуулары жана инфратүзүмү жаңыланып, ичи-тышы заманбап талаптарга ылайык келтирилип, бүгүн мынакей жасалган масштабдуу иштердин жыйынтыгына баарыбыз күбө болуп турабыз.
Эң башкысы, эгемендик жылдарында элибиздин эс-тутумуна сиңип калган “Ак-Кеме” өзүнүн тарыхый ысымын жана өзгөчөлүгүн сактап калды.
Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!
Кыргызстан ушу тапта өнүгүүнүн жаңы этабында турат.
Биз өлкө боюнча социалдык объектилерди, жолдорду, мектептерди, аэропортторду, спорттук жана туристтик инфратүзүмдү куруп, туруп калган мурдагы объектилерди кайра жандандырып жатабыз.
Ошентсе да, өлкөнүн өнүгүүсү бир гана жаңы имараттарды куруу менен өлчөнбөстүгүн айта кетейин. Мамлекеттин колунда турган ар бир актив натыйжалуу иштеп, экономикага киреше алып келип, жумуш орундарын түзүп, элге кызмат кылышы керек. Бүгүнкү күндө “Ак-Кеменин” жаңыланышы — дал ушундай мамлекеттик мамиленин айкын бир мисалы!
Урматтуу мекендештер, учурдан пайдаланып, мен ушул имараттын тарых таржымалына бир аз токтоло кетейин.
Бул имарат тээ Аскар Акаев президент болуп турган мезгилде түрк ишкерлери тарабынан курулган имарат эле. Кийин ал ишкерден мыйзамсыз алып коюшкан. Анан ал ишкер болсо Нью-Йорктогу сотко берип, сот иштерин утуп алган. “16,5 миллион доллар Кыргызстан төлөп бериш керек, же бул имаратты кайра кайтарып бериш керек” деген.
Ошентип 16,5 миллион доллары 2020-жылга чейин, биз бийликке келгенге чейин 30 миллионго чейин өскөн. Анткени Нью-Йорк соту: “Силер эгерде убагында соттун чечимин аткарбадыңар”, - деп, ар бир күнүнө 15 миң доллардан үстөк пайызын өстүрүү чечимин кабыл алган.
Ошентип биз келгенден кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп, түрк ишкерлери менен ийге келтирип, “Тынчтык келишими менен бүтүрүшөлү” деп туруп, болгону 6,5 миллионго чейин түшүрүп: “6,5 миллионду төлөп берели, ошону менен анда мировой келишим түзөлү, силер соттогу дооматыңарды кайра алгыла”, - деп, мына 2023-жылы, 21-жылдан 2 жыл бою сүйлөштүрүп отуруп, ийге келтирип, анан кийин мунун бул имараттын башын бошотуп алып, соттон утулганбыз.
Соттон алар ошондон дооматын алып, болбосо алар биздин чет өлкөдөгү имараттарды, Улуттук банктын Швейцарияда жаткан алтынына чейин “мына буларды камакка алдыралы, ушулар аркылуу алып калалы”, болбосо чет өлкөдөгү баягыдай мүлктөрүн алалы деп калган мезгил экен эле.
Анан биздин колго тийгенден кийин, толук башы ачылгандан кийин, инвесторго биз 15 жылга ижарага бердик. “Мына салгын, 3 жылдыздуу отель эле, 5 жылдыздуу кылып салгын дагы, 15 жыл колдонгун, анан 15 жылдан кийин 100% бизге өткөрүп бергин”, - деп келишип, атып, анан кийин ошентип өткөрүп бергенбиз.
Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле арендага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз, бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке аренда төлөп турат. 60 миң доллар!
Мурда 60 миң доллар эмес, тескерисинче 2023-жылы биз алган мезгилде 30 миллион сомдун тегерегинде ушул имараттын карызы бар болчу, ар кайсы төлөмдөр боюнча, коммуналык төлөмдөр бар. Мына ошентип бул имаратты инвесторлорго берип, 15 жылга мына ушундай абалга келтирдик.
Мен муну эмне үчүн айтып жатам, силерде маалымат болсун деп айтып жатам. Анткени жанагы чет өлкөгө чыгып алып, жалган маалыматтарды токуп, “үрүп” жаткандарга ишенип албагыла деп айтам. Мына менин өз оозуман уктуңуздар, ошон үчүн маалымат иретинде айтып коёюн.
Мамлекет инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп, жеке сектор өз каражатын, тажрыйбасын жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн жумшаганда, жыйынтыгында заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү объектилер пайда болот.
Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, экономикабыз күчтүү инвестициялык импульс алууда. 2025-жылы Кыргыз Республикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы 1 млрд 310,8 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 27,3%га өстү. Бул чет өлкөлүк инвесторлор кыргыз экономикасына ишенип, аны менен өздөрүнүн узак мөөнөттүү пландарын байланыштырып жаткандыгынын түздөн-түз далили.
Ошондой эле Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинде үстүбүздөгү жылга карата жалпы көлөмү 456 млрд сомдон ашуун 90дон ашык инвестициялык долбоор бар. Алардын 71и иш жүзүнө ашырылууда, калганында даярдык иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук, транспорттук инфратүзүм, жана экологиялык маселелерге багытталган.
Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы 273 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлдү.
Мындан улам, биз дал ушундай кызматташууну мындан ары да улантабыз.
Кыргызстан дүйнөгө эшигин кеңири ачып жатат. Өлкөбүзгө келген туристтердин, ишкерлердин жана чет өлкөлүк меймандардын саны арткан сайын, аларга көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты да ошого жараша жогорулашы керек. Айрыкча, Кыргызстандын жүрөгү, өлкөбүздүн жүзү Бишкек шаарында.
Ордо калаада мамлекеттик жана расмий иш сапарлар, эл аралык жолугушуулар, форумдар жана башка ири иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондуктан борбор шаарда дүйнөлүк талаптарга жооп берген мейманканалардын, конференц-залдардын жана тейлөө инфратүзүмдөрүнүн болушу өтө маанилүү!
174 номер, конференцияларды жана ар кандай ишкердик жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу залдары, ресторандар, спорттук жана эс алуу инфратүзүмү болуп, баары жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасы дал ушул талаптарга жооп берип, Бишкектин меймандостугун дагы бир баскычка көтөрөт деп ишенем.
Кадырлуу мекендештер!
Элибиз эзелтеден меймандостугу менен айырмаланып келген эмеспи.
Биз үчүн мейман күтүү жөн гана кызмат көрсөтүү эмес, биздин маданиятыбыздын, салтыбыздын жана дүйнө таанымыбыздын бир бөлүгү. Ата-бабаларыбыздан калган мына ошол баалуулукту бүгүнкү күндүн заманбап технологиялары менен айкалыштыра алсак, Кыргызстан дүйнөдөгү эң жагымдуу туристтик өлкөлөрдүн бирине айланарын бөркүмдөй көрөм.
Асман тиреген ак мөңгүлүү тоолорубуз, ар коктусунан агып чыккан шылдыр суулуу ажайып кооз жаратылышыбыз, көөнө тарыхыбыз жана өзгөчө маданиятыбыз — биздин эң чоң байлыгыбыз. Жараткан тартуулаган мындай ырыскыны аздектеп, ага татыктуу инфратүзүм түзүү жана жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматы менен камсыз кылуу биздин милдетибиз деп билем.
Ошондуктан бүгүнкү иш-чара – эскинин баалуусун сактап, ага жаңы өмүр тартуулоо өнүгүп жаткан Бишкектин дагы бир жаңы жүзү десем жаңылышпаймын.
Мамлекет менен жеке сектордун туура кызматташуусунун натыйжасында “Ак-Кеме” мейманканасын кайра жандандырууга салым кошкон инвесторлорго, куруучуларга, инженерлерге, архитекторлорго жана бул долбоорду ишке ашырууга тартылган бардык адистерге ыраазычылык билдирем.
Жаңыланган “Ак-Кеме” өлкөбүзгө келген конокторду элибизге мүнөздүү меймандостук менен тосуп, борбор калаанын жана жалпы Кыргызстандын аброюн арттырган жайлардын бири болсун.
Бул жерде көптөгөн жолугушуулар өтүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кыла турган жаңы идеялар көтөрүлүп, демилгелер ишке ашсын!
“Ак-Кеме” мейманканасынын жаңы барагы кут болсун!”

