2026-жылдын 30–31-августунда Бишкек шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине байланыштуу жолдордогу транспорттук агымдын көбөйүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу шаардын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Ички иштер министрлиги шаар тургундары менен конокторун жүрүү маршрутун алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.
Аталган күндөрү «Бишкек Аренага» шаардын ар кайсы райондорунан 21 багыт боюнча атайын шаттл-автобустар каттайт. Жарандар өздөрүнө ыңгайлуу жөнөө пунктун тандап, иш-чара өтүүчү жерге шаттл-автобустар менен бара алышат.
ИИМ айдоочулардан ошол күнү мүмкүнчүлүк болсо жеке унааларын колдонбоону өтүнөт. Бул жолдордогу жүктөмдү азайтып, тыгындардын алдын алууга жана транспорттун үзгүлтүксүз жүрүүсүнө шарт түзөт.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
- «Ак-Кула» автобекети, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
- Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
- «Тунгуч» кинотеатры, 64/1;
- Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
- Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
- Алтымышев көчөсү, 98/1;
- Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 («Глобус»);
- Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
- Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
- Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
- Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (ДЕПО-2);
- Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
- Дэн Сяопин проспектиси, 209;
- Гагарин көчөсү, 284, Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
- Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
- Тыналиев көчөсү, 16.
Шаттл-автобустардын каттамдары, жөнөө пункттары жана кыймылы тууралуу толук маалыматты «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен алууга болот.
ИИМ шаар тургундары менен меймандарынан жолдордогу транспорттук жүктөмдүн көбөйүшүн түшүнүү менен кабыл алып, сапарын алдын ала пландап, ыңгайлуу транспорттук каражатты тандоону суранат.
Коомдук транспортту жана атайын шаттл-автобустарды пайдалануу шаардагы жол кыймылын жеңилдетүүгө жана жарандардын иш-чара өтүүчү жерге ыңгайлуу жетүүсүнө өбөлгө түзөт.