Караколдо мопед жана скутер айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Новость

Каракол шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мопед, скутер жана желмаян айдоочулары арасында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда иш-чараны Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүштү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, коргоочу шлемди милдеттүү түрдө колдонуу жана транспорт каражаттарын этият айдоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, айдоочуларга жол эрежелерин бузуу өздөрүнүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратарын түшүндүрүлдү.

Мындай профилактикалык иш-чаралар жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында улантылат.