Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, реконструкциядан кийин жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземине катышты. Иш-чарада мейманкананы жаңылоонун жүрүшү жана комплекстин жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилип, атайын видеоролик көрсөтүлдү.
Президент өз сөзүндө "Ак-Кеме" мейманканасы Бишкектин архитектуралык өзгөчөлүгүн аныктаган маанилүү объектилердин бири экенин белгиледи. Аталган имаратта буга чейин чет өлкөлүк коноктор кабыл алынып, эл аралык жолугушуулар жана ири иш-чаралар өткөрүлүп келген.
Садыр Жапаровдун айтымында, мейманкана узак убакыт каралбай, дээрлик иштебей турган абалга келген. 2023-жылы объект Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, инвестиция тартуу аркылуу толук жаңылоо иштери башталган.
Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын инженердик системалары, техникалык жабдуулары жана инфраструктурасы жаңыртылып, мейманкана заманбап талаптарга ылайыкташтырылды.
"Мамлекеттин колунда турган ар бир актив натыйжалуу иштеп, экономикага киреше алып келип, жумуш орундарын түзүп, элге кызмат кылышы керек. Бүгүнкү күндө “Ак-Кеменин” жаңыланышы - дал ушундай мамлекеттик мамиленин айкын бир мисалы", - деди Президент.
Мамлекет башчысы мейманкананын тарыхына токтолуп, анын айланасындагы укуктук маселелер да чечилгенин белгиледи. Түркиялык инвесторлор менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында талаш маселелер жөнгө салынып, объект мамлекеттин карамагына кайтарылган.
Кийин "Ак-Кеме" 15 жылдык мөөнөткө инвесторго ижарага берилген. Инвестор мейманкананы үч жылдыздуу объекттен беш жылдыздуу деңгээлге чейин жаңыртуу милдетин алган. Мөөнөт аяктагандан кийин объект 100 пайыз мамлекеттин карамагына өткөрүлөт. Бүгүнтөн тартып инвестор мамлекетке ай сайын 60 миң доллар өлчөмүндө ижара акы төлөйт.
Президент белгилегендей, 2025-жылы Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын агымы 1 млрд 311 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 27 пайызга өскөн.
Мындан тышкары, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинде жалпы көлөмү 456 млрд сомдон ашкан 90дон ашык инвестициялык долбоор бар. Алардын 71и учурда ишке ашырылууда.
Жаңыланган "Ак-Кеме" мейманканасында 174 номер, конференция жана ишкердик жолугушуулар үчүн залдар, ресторандар, спорттук жана эс алуу зоналары каралган.
Садыр Жапаров мейманкананын жаңыланышы мамлекет менен жеке сектордун натыйжалуу кызматташтыгынын үлгүсү экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлорго, куруучуларга, инженерлерге, архитекторлорго жана бардык адистерге ыраазычылык билдирди.
Аягында Президент жаңыланган мейманкана Бишкек шаарынын жана жалпы Кыргызстандын туристтик жана ишкердик потенциалын жогорулатууга салым кошоруна ишеним билдирди.
Иш-чаранын соңунда Мамлекет башчысы жаңыланган мейманкананы кыдырып, номерлер, конференц-залдар, ресторан, ресепшн жана эс алуу зоналары менен таанышты.








