Социалдык тармактарда Президент Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет деген жалган маалымат таралууда.
Жалган жарыяда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, акчалай төлөмдү алуу сунушталууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө жана көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбөөгө чакырат. Ошондой эле жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди жана башка купуя маалыматтарды белгисиз сайттарга киргизбөө керектигин эскертет.
Мамлекеттик төлөмдөргө жана кабыл алынган расмий чечимдерге байланыштуу маалыматтарды мамлекеттик органдардын расмий жана ишенимдүү булактарынан гана алуу зарыл.
ИИМ мамлекеттик символдорду жана кызмат адамдарынын ысымдарын пайдаланып, жарандарды адаштырган алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырат.
Жарандардан шектүү шилтемелерге өтпөй, жеке жана банктык маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөө өтүнүлөт.