Ала-Арча суу сактагычында экологиялык талаптарды бузган ижарачыга 17 миң сом айып салынды
Новость

Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз таштанды калдыктары жайгашкандыгы тууралуу Интернет булактарына маалымат жарыяланган эле. Анын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. 

Анда Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып иштеткен жаранга (ижарачыга) Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, суу сактагычтын аймагында эс алып жүргөн жарандарга жана ышкыбоздук балык уулоочуларга айлана-чөйрөнү коргоо, таштанды калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштабоо жана жаратылыш объектилерине аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин да Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз таштанды калдыктары жайгашкандыгы боюнча чара көрүлүп, дагы бир ижарачыга айып пул салынган болчу.