Кыргыз спортчулары Көчмөндөр оюндарында кийе турган формалар көрсөтүлдү
Новость

Кыргызстандын спортчулары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийе турган спорттук жана параддык формалар коомчулукка көрсөтүлдү.

Спортчулар үчүн форманын эки түрү даярдалган. Алардын бири мелдештерге арналган спорттук кийим болсо, экинчиси ачылыш жана расмий иш-чараларда кийиле турган параддык форма.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, параддык кийимдерди «Байра» компаниясы даярдаган. Ал эми спорттук форманы Joma компаниясы иштеп чыккан.

Жаңы формаларда улуттук өзгөчөлүктөр менен заманбап спорттук дизайн айкалыштырылган.

Кыргызстандык спортчулар аталган формалар менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөнүн намысын коргошот.

2a2336be-6c11-48b8-b8d2-b736bd43cb5d.jpg 100.43 KB