Дүйнөлүк банк Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт
Новость

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн ортосунда «Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу» программасын ишке ашырууну колдоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү.

Жолугушууда долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары жана саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлин мындан ары чыңдоо боюнча чаралар талкууланды.

Тараптар медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик инструменттерди өнүктүрүү, медициналык кадрлардын потенциалын күчөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу механизмдерин өркүндөтүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелерине көңүл бурушту.

«Баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү биз үчүн негизги артыкчылыктардын бири. Жүргүзүлүп жаткан реформалар бейтаптар үчүн медициналык жардамдын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулаткан конкреттүү өзгөрүүлөргө алып келиши маанилүү», — деди Тилек Мамадалиев.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын адам ресурстары жана саламаттык сактоого жумшалган чыгымдар боюнча аналитикалык иштеринин жыйынтыктары каралды. Мындан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн саламаттык сактоону каржылоо боюнча октябрь айында өтө турган аймактык семинарга даярдык маселеси талкууланды.

Жолугушууда долбоордун иш-чараларын мындан ары каржылоо жана экологиялык жана социалдык талаптарды эске алуу менен медициналык инфраструктураны өнүктүрүү перспективалары да каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кадамдарды аныктап, биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашты.

Дүйнөлүк банктын миссиясы 24–28-август күндөрү уланат. Анын алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам, кадр саясаты, санариптештирүү, финансылык башкаруу, сатып алуулар жана саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланат.