Кыргызстандагы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан Пионер чокусунун аталышы ШКУ чокусу деп өзгөртүлдү.
Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмунун урматына кабыл алынган. Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.
Маалыматка ылайык, ШКУ чокусу деңиз деңгээлинен 4050 метр бийиктикте жайгашкан.
Аталган аймак Кыргызстандагы тоо туризми жана альпинизм үчүн маанилүү жайлардын бири болуп саналат.