Бишкек, 24-август. Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.
Жарандарга аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.