Кыргызстандын Министрлер Кабинети Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3,36 гектар жайыт жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына өткөрүү чечимин кабыл алды.
Кеп Ала-Буга айыл аймагынын аймагындагы №3470 контурда жайгашкан жер тилкеси тууралуу болууда.
Токтомго ылайык, аталган жер Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынган жерлердин ордуна жарандарга бирдей нарктагы тилкелерди берүү максатында трансформацияланат.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү жер документтерине өзгөртүү киргизүү, шаар куруу документтерин иштеп чыгып бекитүү жана жер тилкелеринин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.
Мындан тышкары, аймакты өздөштүрүүдө сейсмикалык коопсуздук, жаан-чачын жана кар сууларын агызуу, санитардык талаптар, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо нормалары сакталууга тийиш.
Эгер жер тилкелеринен археологиялык объектилер табылса, казуу жана курулуш иштерине археолог-адистер тартылат.
Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.