“Дельфин” бассейнинин техникалык абалы текшерилди
Новость

Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварында жайгашкан “Дельфин” бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнү Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери жүргүздү. Иш-чара имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине даярдык көрүү максатында уюштурулду.

Адистер объекттин техникалык документтерин изилдеп, тиешелүү чиймелерди даярдашты. Ошондой эле имараттын негизги конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча курулуш конструкцияларынын техникалык абалына баа берилген корутунду даярдалып, имаратты мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.