22-августта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында "Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер" долбоорунун жыйынтыктоочу концерти өттү. Үч ай бою уюштурулган музыкалык кечелер борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ачык асман алдында маданий эс алууга мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чаралар бийлеген фонтандын коштоосунда өтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Жыйынтыктоочу концертте Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги алдында өнөр көрсөтүп, көрүүчүлөргө музыкалык чыгармалардан турган программа тартуулады.
Долбоордун алкагында сезон бою Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу чыгармачыл жамааттар, Кыргызстандын эл артисттери жана белгилүү аткаруучулар катышкан концерттер уюштурулду.
"Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер" долбоорунун негизги максаты — шаар тургундарынын мазмундуу эс алуусун уюштуруу жана Бишкектин коомдук жайларында маданий иш-чараларды өнүктүрүү.
Музыкалык кечелер жайкы сезондо борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн маданий эс алуунун популярдуу аянтчаларынын бирине айланды.





