Кел-Суу көлүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Нарын облусундагы инспектору жана министрликтин маалымат саясаты секторунун өкүлдөрү жергиликтүү кайыкчылар менен жолугушуп, түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жолугушуунун жүрүшүндө суу транспортун коопсуз пайдалануу, кайыктардын техникалык абалы, тиешелүү каттоо номерлеринин болушу, суу транспортун башкарууга уруксат берүүчү документтердин (судовой билет)кайык башкаруучунун тиешелүү күбөлүгүнүн болушу текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү документтери толук эмес кайык ээлерине эскертүүлөр берилип, мыйзам талаптарын бузган жана тиешелүү документтери жок учурлар боюнча белгиленген тартипте протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары, Кел-Суу көлүнө келген туристтердин агымы акыркы жылдары кыйла көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, кайыкчыларга жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана коопсуздугу биринчи орунда турушу керектиги белгиленди.