Бишкектин айрым аймактарында 27-августта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Новость

2026-жылдын 27-августунда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, суу берүү саат 09:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

  • 9-кичи райондун бир бөлүгү;
  • Малдыбаев көчөсү;
  • Сүйөркулов көчөсү;
  • К. Тыныстанов көчөсү;
  • И. Ахунбаев көчөсү.

Суу берүүнүн токтотулушуна диаметри 200 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюу иштери себеп болууда.

Ушуга байланыштуу турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Ошондой эле "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга болот.