Кыргызстандын курама командасы жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиадада (IOAI 2026) алтын жана күмүш медалга, ошондой эле ардак грамотага ээ болду. Олимпиада 2–8-август күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп, ага 106 өлкөдөн 400дөн ашуун окуучу катышты.
Кыргызстандын командасынын курамында Ян Бобрус алтын медаль, Сабыр Алымбеков күмүш медаль, ал эми Айвар Тынчтыкбеков ардак грамота жеңип алды. Ян Бобрус - "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын, Сабыр Алымбеков -"Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын, Айвар Тынчтыкбеков президенттик "Акылман" мектебинин 9-классынын окуучусу.
Команда жалпы командалык эсепте 15-орунду ээледи. Мелдеште окуучулар машиналык окутуу, маалыматтарды талдоо жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгууга байланышкан тапшырмаларды аткарышты.
Команданын машыктыруучуларынын бири Айдин Асанкадыровдун айтымында, алгачкы этаптарда даярдык көрүү кыйыныраак болгон. Себеби олимпиада жаңы болуп, даярданууга керектүү материалдар аз эле. Бирок Кыргызстан бул мелдешке үчүнчү ирет катышып жаткандыктан, жыл өткөн сайын олимпиаданын форматына жана талаптарына көнүү жеңилдеп жатат.
Кыргызстандын курама командасынын курамы өлкөдө жыл сайын өткөрүлүүчү Улуттук олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын негизинде тандалат.