КРнын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы №563 токтому менен жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына өзгөртүүлөр киргизилди.
Ага ылайык, 2025-жылдын 14-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөртүүлөр бардык окуучулар үчүн сапаттуу жалпы билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, инклюзивдүү билим берүүнүн принциптерин киргизүүгө жана майыптыгы же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы талаптарга ылайык, ыңгайлаштырылган жана жекече билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралган. Ошондой эле окуучулардын муктаждыктарына жараша окуу жүктөмүн, окутуу ыкмаларын жана баалоо жол-жоболорун ыңгайлаштыруу мүмкүнчүлүгү белгиленди.
Мындан тышкары, көрүүсү жана угуусу начар окуучулар үчүн жеткиликтүү форматтагы окуу материалдарын, атайын техникалык каражаттарды жана ассистивдик технологияларды колдонуу каралгандыгы айтылат маалыматта.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.