28-августта Ош шаарында бир катар жаңы жана жаңыланган объекттер пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземи Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жаңы сейил бакта, Төлөнов жана Курманжан Датка көчөлөрүндө, ошондой эле Алымбек Датка атындагы эс алуу багындагы заманбап бийлөөчү фонтанда өтөт.
Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа уюштурулат. Анда Freeman 996, Бегиш жана Ош шаардык мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда концерттик программа тартууланат.