Кыргызстандын Улуттук банкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган "Тайган жарыш" аттуу коллекциялык тыйынды жүгүртүүгө чыгарды.
Тыйындын номиналы - 10 сом. Ал 925 үлгүдөгү күмүштөн жасалып, салмагы 28,28 граммды түзөт. Жалпысынан 1 миң даана нускада чыгарылган.
Коллекциялык тыйынды иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин Улуттук банктын кассаларынан сатып алууга болот.
Тыйындын баасы - 8 900 сом.
Коллекциялык тыйын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүү символдорунун бири болгон тайган жарышын чагылдырат.
