Беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду
Новость

Кыргызстандын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кийлигишүүсүнөн кийин беш баласына алимент төлөбөй келген жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка караганда, Талас облусунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоого жардам сурап Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылган.

Анын айтымында, 40 жаштагы кызы 2025-жылы жолдошу И.Т. менен ажырашкандан кийин беш баласына алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылган. Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен эркек киши эмгек акысынын жана башка кирешелеринин жарымын балдарына алимент катары төлөөгө милдеттендирилген.

Алимент 2025-жылдын 28-январынан тартып өндүрүлүшү керек болгон. Бирок карызкор соттун чечимин аткарбай, бир да жолу төлөм жүргүзгөн эмес.

Кайрылууда аял неберелеринин атасынын айыл чарба жери, малы жана унаасы бар экенин айтып, ошол эле учурда балдарына алимент төлөбөй жатканын билдирген. Ошондой эле беш баланын биринде майыптыгы бар экенин белгилеген.

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Бакай-Ата райондук прокуратурасына жана Талас облусу боюнча Сот аткаруучулар кызматына алименттик милдеттенмелерди өндүрүү жана сот чечимин аткаруу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2026-жылдын 12-июлунда И.Т.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү — ата-эненин балдарын багуудан качышы боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда райондук милиция тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, жарандын алимент боюнча карызы 195 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы институту алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер Кабинетине балдардын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү сунуштаган.

2026-жылдын биринчи алты айында Акыйкатчы институтуна алимент өндүрүү маселеси боюнча 94 кайрылуу түшкөн.