Ысык-Көлдөн 3,2 миң метрден ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
Новость

24-августта Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд өткөрүлүп, суу объекттеринен 3299 метр эски синтетикалык тор чыгарылды. Ошондой эле 70 килограмм таштанды чогултулуп, тиешелүү жерге чыгарылды.

Рейдди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы уюштурган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган синтетикалык торлор суу объекттеринен чыгарылып, көлдүн экологиялык абалына терс таасирин тийгизген таштандылар тазаланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана браконьерликтин алдын алуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Ошондой эле иш-чаралар Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстарын жана экологиялык абалын сактоого багытталган.