Кыргызстандын атайын багыттагы бөлүктөрү "Вызов" мелдешине катышууда
Новость

2026-жылдын 24-августунда Россиянын Екатеринбург шаарындагы "Свердловск" полигонунда атайын багыттагы бөлүктөрдүн арасында "Вызов" эл аралык мелдеши башталды.

Мелдешке Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Индиядан 40ка жакын команда катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө аскер кызматкерлери кесиптик даярдыгын, физикалык чыдамкайлыгын жана татаал, динамикалуу шарттарда ырааттуу жана натыйжалуу аракеттенүү жөндөмүн көрсөтүшөт.

Мелдештин программасына барымтадагыларды бошотуу жана кармоо, тоскоолдуктар тилкесинен өтүү, эвакуациялоо, буктурма, чабуул, дуэль жана мунара сыяктуу практикалык тапшырмалар киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасы мелдештин бардык этаптарына катышып, өзүнүн даярдыгын жана чеберчилигин көрсөтүүдө.

785946303_2131277867420760_533309988157846489_n.jpg 201.33 KB