2026-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Меридиан" ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү.
Балдарды узатуу иш-чарасына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы миграция маселелери жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун директору Гульнара Дербишева катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга чың ден соолук, кызыктуу жана пайдалуу эс алуу, жаңы досторду табуу каалоолору айтылды. Ошондой эле Кыргызстан чет өлкөдө жашаган мекендештердин балдары үчүн да туулган жери жана мекени экени белгиленди.
Демилгенин негизги максаты - чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык балдардын Кыргызстан менен байланышын бекемдөө, улуттук баалуулуктарды сактоого көмөктөшүү жана аларды кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана тарыхы менен жакындан тааныштыруу.
Эс алуу программасынын алкагында балдар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу маданий жана этнографиялык иш-чараларга катышат. Мындан тышкары, алар үчүн спорттук, маданий жана таанып-билүүчү иш-чаралар уюштурулат.
Программа балдардын өз мекенинин тарыхы жана маданий мурасы менен таанышып, Кыргызстандагы теңтуштары менен баарлашуусуна шарт түзөт.
